Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан пикир келишпестиктер орун алды. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чыр бүгүн, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында болжол менен саат 9дар чамасында болгон.
«Жергиликтүү тургундар бирин-бири таш менен чапкылашкан. Азыркы учурда абал туруктуу. Күч органдары тарабынан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.