• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында кармалгандар бошотулду

17 Бугу 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Чек арада кармалган жарандар бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.

«Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришти. Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 111