• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Окуянын чоо-жайы

26 Бештин айы 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан. Кыргызстандын Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлеринин пайда болуусу байкалган.

Кечке жакын саат 19:40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикистандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын болжол менен 4 автоунаасын таш бараңга алышкан. Жыйынтыгында автоунааларга зыян келтирилип, Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес.

Чыр-чатак орун алган жерге Кыргызстандын Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип, эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен.

Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюу максатында жолугушкан. Тажик тарап өз учурунда чыр-чатакка тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөөрүн билдирди.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында жеринде Баткен чек ара отрядынын башчысы жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барышууда.

Количество просмотров: 804