Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалга чогулган элдер түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң тарап кетишти. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришкен.
Жаңжал чыккан аймакта абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө.
Эске салсак, кечээ, 13-мартта күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Буга Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.
Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Бирок кырдаал толук жөнгө салынган эмес. Саат 18:30дарда бир эле учурда тажик жарандары Төрт-Көчө аймагындагы жолду (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) жапкан.
Азыркы учурда жолдорду ачуу туурасында эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Жергидликтүү жарандардын айтымында жаңжалдан беш, алты кыргыз жараны жабыркаган.