• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал: Кыргыз өрт өчүрүүчүлөрүн өрт чыккан жерге өткөрбөй коюшту

14 Жалган куран 2019 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы абал салыштырмалуу тууруктуу деп бааланууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Таш-Тумшук аймагында бир үй күйгөн, бир ауди автоунаасы өрттөлгөн жана бир Кыргызстандын жаранынын КАМАЗ автоунаасынын прицеби өрттөлдү. Өрт чыккан жерге багыт алган өрт өчүрүүчүлөрдү жолду тосуп алган тажиктер өткөрүшкөн жок. Алар Төр-Көчө аймагындагы жолду тосуп алышкан.

https://www.facebook.com/100010806856754/videos/785912028445685/


Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Учурда чек-ара өкүлдөрү, облустук администрация башчылары, Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын жетекчилери Баткен-Лейлек (КР) жана Исфара-Ворух (ТР) жолун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп жатканы маалым болду.




Количество просмотров: 7