Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 18-декабрда саат 18:30га карата абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.
17-декабрда Тажикстандын жарандары Баткен районунун Көк-Таш айылы аркылуу өткөн жолдо Кыргызстандын жаранын сабашкан. Бүгүн, 18-декабрда эртең менен эки өлкөнүн жарандары кайым айтышып, бири-бирине таш ыргыткан. Андан кийин тажик тарап ок чыгарып, кыргызстандык 2 жаран октон жаракат алса, дагы 4 адам жабыркаган.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаңжалга бөгөт коюу максатында кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине орнотулган тосмолорду бузуу иштери башталды. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек ара аймагында нөөмөттө турушат.
«Баткен облусунда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат», — деп айтылат маалыматта.