• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал айтылды

19 Бештин айы 201911:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2019-жылдын 19-декабры саат 10.30 га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу экендигин билдирет. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздашууда жана чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө.

«Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Тажикстан менен чектешкен чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 18-декабрда Баткендеги Көк-Таш айылында чек арада чыр чыгып, баш-аягы 6 адам жабыркаган болчу.

Количество просмотров: 66