• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргыз-тажик чек арасындагы жолдор ачылды

25 Теке 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары Ош-Исфана жолун ачты. Андан кийин кыргыз-тарап да Ак-Сай-Ворух жолун ачышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматы учурда абал туруктуу экенин, чек ара тилкелери биргеликте кайтарылып жатканын билдирди. Ошондой эле, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда ок чыгарылган. Жаңжалдан 8 адам жабыркап, экөөнө операция жасалган.

Количество просмотров: 27