• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңеш түзүлөт

8 Теке 202517:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Өкмөттөр аралык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасоо учурунда айтты.

Өлкө башчысынын айтымында, Өкмөттөр аралык кеңешге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри төрагалык кылат.

«Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү боюнча келиштик», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 8-9-июлда мамлекеттик сапар менен Тажикстанда жүрөт.

Количество просмотров: 93