Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы тепловоздорго тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат.
Тендердин шартына ылайык, тетиктер 7 млн. 150 миң сомго сатып алынышы керек. Тендерге катышуу үчүн документтер 16-августка чейин алынат.