• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

«Кыргыз темир жолу» ишканасында 40 тонналык казан меш жарылган

3 Кулжа 201912:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

«Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик компаниясы» ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко казан мештеги жарылуунун чоо-жайын айтып берди.

Окуя 3-июнда саат 8:45тер чамасында болгон.

Лиличенконун айтымында, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылган. Бул боюнча комиссия түзүлүп, ички иликтөө жүргүзүлмөкчү.

«Төрт киши — күзөтчү менен жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын үч кызматкери жаракат алды. Цехтин терезелери сынган. Жарылуу бир нече себептен болушу мүмкүн, аны комиссия териштирет», — деди Лиличенко.

Окуя болгон жерди милиционерлер, Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери карашты. Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын адистери да келе турганы айтылды.

Количество просмотров: 15