• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

15 Кулжа 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматынын материалдары боюнча «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын бир катар жоопту кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция жана ири көлөмдө урдоо фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.

Тергөө тарабынан такталгандай, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси А.К.А. ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда көзөмөлгө алынган компаниялар менен биргеликте өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топту түзүп алган. Кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында А.К.А. ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 миллиард сомго жеткизген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда жогорудагы схемага ылайык, башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8%дан 15%га чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “откат” катары берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн. сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 % жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.

Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчиси А.К.А. мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталлды.

2020-жылдын 15-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Крыгыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын мурдагы башчысы А.К.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын июнь-айынын башында КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү боюнча 4 адам кармалды, алар «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын мурунку жана азыркы жооптуу адамдары жана жеке компаниянын өкүлү кармалган.

Количество просмотров: 212