Кечээ «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынганы тууралуу маалымат кабарлаган. Бирок кимдер кармалганы тууралуу маалымат берилген эмес.
Ал эми айрым маалыматтар боюнча Хасанов, Коваль, Тариелов жана Абдыкеримовдор аттуу адамдар кармалышкан.
Хасанов ишкананын азыркы учурдагы инженери болсо Коваль локомативдик кампанын жетекчисинин орун басары.
Ал эми кармалгандардын арасыда Абдыкеримов Канат да бар, ал Кыргыз темир жолу ишканасынын мурдагы жетекчиси. Ал Кочкордон экени айтылды.
Ал эми Тариелов сатып алууга катышкан компаниянын өкүлү.
Алар ишканадан акча каражатын алып чыгуу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.
Атайын кызмат мамлекеттик сатып алууда баалар атайылап жогорулатылып, бөлүнгөн акчанын 15% ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган деп шек саноодо.
УКМК «сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн соттук экспертизанын жана Эсеп палатасынын аудитинин натыйжасында мамлекеттик сатып алуу иштеринин айрымдары боюнча гана мамлекетке олуттуу материалдык чыгым келтирилгени аныкталды» деп билдирди.
Ишкана өзү атайын кызматтын маалыматы боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги быйыл апрель айында алмашкан. Башкы директор Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалган.