• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кыргыз темир жолунун» кызматкери өз өмүрү үчүн коркунучта экенин айтты (видео)

27 Баш оона 2018 11:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
«Кыргыз темир жолундагы» коррупция маселесин ачык айтып чыккан Алия Асанбаева  президентке кайрадан кайрылуу жазап, аны жетекчилик тарабынан болгон куугунтуктоолордон коргоосун суранды. Видео-кайрылуу жергиликтүү ЖМКда жана социалдык тармакта жарыяланган.
“Урматтуу Сооронбай Шарипович! Коррупция маселеси боюнча кайрылган менин сизге видео-тасмадан соң, жетекчилик тарабынан мени куугунтуктоо башталды. Менин артыман ар кандай кол чогултуу жүргүзүп,  маалымат жыйындарды өткөрүп менин беделиме шек келтиришүүдө. Мындан сырткары  наркотикалык заттарды ташыган тууралуу кылмыш иштерин моюнума илип жатышат. Бул маселе боюнча  транспорт министринин орун басары Азимбек Жусубалиевке кайрылууга аракет жасадым, бирок, ал мени кабыл алган жок. Мамлекттик органдар тарбынан эч кандай реакция жок. Менин видео-кайрылуумдун натыйжасында кылмыш иши козголду, ал эми сизден суранаарым, Сооронбай Шарипович, ушул иш сотко  чейин жетүүсүнө өбөлгө түзүп берсеңиз. Эгер бул иш аягына жетпей калса,  мен кызымдын энесиз калуусунан корком ”, — деди өз билдирүүсүндө Алия Асанбаева.

"Vestikg News" представляет:"Сотрудница «Кыргыз темир жолу» опасается за свою жизнь"Работница ГП «НК «Кыргыз темир жолу» Алия Асанбаева вновь обратилась к президенту Сооронбаю Жээнбекову с просьбой защитить ее от гонений со стороны руководства железной дороги. Оставьте свое мнение в комментарии и поделитесь этим видео!!!

Опубликовано Искен Афиджанов Воскресенье, 26 августа 2018 г.

Эске салсак, “Кыгыз темир жолунун” кызматкерлери жетекчилигин коррупцияга күнөөлөшкөн. Анда бир каттамда жетекчилик билетсиз 400гө жакын жарандарды ташып, бул иштен 300миң рубльга чейин табаарын айтып чыгышкан.
Количество просмотров: 50