• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды

10 Бирдин айы 202315:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Өзбекстанга өтө турган жер астындагы тоннель аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы чек ара тилкесинде мыйзамсыз аракеттерге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө, мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйдүн арткы бөлмөлөрүнүн биринен тоннель табылды. Өтмөк Түштүк Фергана каналынын астынан өтөт жана чыга турган жери Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен табылган.

«Тоннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 смге чейин, тепкич менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 423