9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин тартибинде 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.