• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргыз жөө күлүктөрү Азербайжандагы мелдешке катышат

25 Кулжа 201910:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.

Бакуда өтө турган мелдешке кыргыз жөө күлүктөрү катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын борборунда 28-29-июнь күндөрү өтө турган мелдешке жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын атынан барышат.

Алар: Элдияр Кадыров, 2002-жылы туулган. Ева Кадырова, 2002-жылы туулган. Спорт чебери. Айнуска Калил кызы, 2003-жылы туулган. Спорт чеберчилигине талапкер. Чолпон Таалайбекова, 2003-жылы туулган.

Кошумчалай кетсек, спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн дирекциянын бюджетинен 148 миң сом каралганы айтылды.

Количество просмотров: 13