20-сентябрда адам сатууга каршы жана аны алдын алууга арналган тегерек стол болду. Тегерек стол адам сатууга каршы Глобалдык акциянын алкагында өттү.
Тегерек столдун максаты болуп мигранттарды мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгарууну анализдөө, укутук баа берүү болуп саналат. Ал эми криминалдык милициянын жетекчиси Марлис Джумабаев акыркы иштердин негизинде алынган статистика боюнча кыргыз жарандары көбүнэсе кайсы өлкөлөрдө кулчулукка кабылганын айтып берди.