• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасын эми бухгалтер жетектейби?

3 Баш оона 2020 21:28 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы ушундай оор мезгилде, жумуштун саны кескин кыскарган учурда, компания жаңы башкы директорду бекиткени жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын кызматкерлери билдиргенин Kaktus.media сайты жазды.

Кызматкерлердин айтымында, мурдагы башкы директор Улукбек Рахманов ушул айдын башында кызматтан кеткен. Буга чейин беш жумушчу Рахмановго каршы арыз менен мамлекет башчысына кат жолдошкон. Андан кийин, Транспорт министрлигинен жана Башкы прокуратурадан комиссия келип, башкы директордун ишинде эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Улукбек Рахманов арызын жазып кеткенден кийин дароо бухгалтер Нарматова бул кызматка арыз менен кайрылган.

Жалпысынан «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына жетекчиликти премьер-министр дайындайт. Буга байланыштуу жумушчулар билимдүү жана иш тажрыйбасы бар жетекчини дайындоо өтүнүчү менен кат жөнөтүшкөн.

Команданын айтымында, талапкер авиация жаатында жогорку билимге ээ болуп, ишкананын кайсы багытта өнүгүшү керектигин билиши керек.

«Жетекчи чет тилдерди өздөштүрүү менен жогорку квалификациялуу жана авиация жаатында так билимге ээ болушу шарт. Буга чейин компанияны тажрыйбасыз адамдар башкарган», — деп эскертет «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги Улукбек Рахмановдун кызматтан кеткендигин тастыктап, бирок бухгалтер аталган ишкананы жетектөөнү каалап жаткандыгы тууралуу маалымат тактала турганын билдирген.

Количество просмотров: 75