• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Кыргызалтын» ААКнын төрагасы болуп Кубат Абдраимов дайындалды

20 Үчтүн айы 202323:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызалтын» ААКтын жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков  өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти.

2023-жылдын 19-январында Кубат Абдраимов  мыйзамдын бардык жол-жоболоруна ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын макулдугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Абдраимов 2018-жылдын октябрь айынан тартып 2021-жылдын 5-февралына чейин Ош шаардык прокурору кызматын аркалаган.

Количество просмотров: 157