• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызча такалып сүйлөгөн депутат коомчулук аны мазактаганына таң калды

21 Жетинин айы 201913:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда элдөр өздөрү кыргыз тилинде сүйлөөгө аракет кылышпайт, ал эми аракет кылгандарды шылдыңга алышат. Мындай пикирин парламенттин жалпы жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыкты.

Кечээ мен кыргыз тилинде маалымат окудум эле, кийин социалдык тармакта элдер мени шылдыңдап жатканын окудум. Элге менин акцентим, «р» тамгасын айта албагыным абдан күлкүлүү көрүнүптүр. Мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбегеним үчүн өзүмдөн жоопкерчиликти албаймын, бирок, мен аракет кылып жатпаймынбы. Тилди үйрөнүүгө далалат кылган башка көптөгөн адамдарды да күлкүгө алышат. Мунун ордуна жөн гана жакшы сөз менен колдоп коюга болот го. Биздин өлкөдө тилди өнүктүрүү көйгөйү методика же мугалимдерде эмес, бири-бирибизге болгон мамиледе, — деди ал.

Асылбаева кыргыз тилинде эркин сүйлөө үчүн болгон аракетин улантаарын белгиледи.

“Мен баары бир кыргызча сүйлөп да ырдай да берем, бирок, элдин мени мазактаганы мага абдан оор тийди”, – деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков ал докладын абдан жакшы даярдап келгенин айтты.

Сиз абдан жакшы сүйлөп чыктыңыз, ал эми шылдыңдап жаткандарга көңүл бурбай эле коюңуз, – деди төрага.

Эске салсак, депутат Гүлшат Асылбаева кечээки Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тилинде доклад окуган болчу.

Количество просмотров: 32