• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргыздын эки тасмасы «Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалында сыйлыкка татыды

28 Баш оона 201916:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

Уфа шаарында өтүп жаткан «Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, кыргызстандык эки тасма сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы каралат.

Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовго «Аврора» тасмасы үчүн «Мыкты режиссердук иш» сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыкты аземге катышууга келген тасманын продюсери Нурлан Анарбаев алган.Андан тышкары, Айбек Дайырбеков «Дарак ыры» тасмасы үчүн Башкортостандын Кинематографисттер бирикмесинин Малик Якшимбетов атындагы атайын сыйлыгына ээ болду.

Кошумчалай кетсек, «Күмүш Акбузат» эл аралык кинофестивалы Уфа шаарында 24-27-август күндөрү болуп өттү.

Количество просмотров: 13