Жарасул Абдураимов “Кыргызиндустрия” ишканасынын башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, анын ордуна Алманбек Исмаилов жетекчи болуп дайындалган. Буга чейин ал 2022-жылдын апрелинен тартып алты ай “Кыргызалтын” ишканасында жетекчи болуп турган.