УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Пригородный аймагынын мурдагы башчысын жеринде камакка алуу буйругун берди.
Region телеканалы жарыялаган видеодо, камакка алуу УКМК төрагасынын Пригородный аймагындагы паркты көрүп чыгуусунун алкагында орун алганы айтылат.
УКМК төрагасы айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан. Ташиев Бишкек мэри Жунушалиеге Шеримбековду кийин муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болгон.
Ташиев мурдагы айыл өкмөт башчысын ошол жерден эле камоону буйруган.