• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Кыргыз темир жолдун” мурунку бөлүм башчысы 11,7 млн. сом чыгымды төлөп үй камагына чыгарылды

26 Үчтүн айы 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) мамлекетке келтирилген 11,7 млн. сом чыгымды төлөп үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси мамлекеттик сатып алуулардан казынага 11,7 млн. сом чыгым келтирген. Факт Жазык кодексинин 205-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган. Шектүү Биринчи май райондук соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 14-февралга чейин камалган болчу.

«УКМКнын кабарлашынча, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси коюлган айыпты мойнуна алып, чыгымды төлөп берүүгө макул болду. Атайын кызмат чыгымын төлөп, камактан бошотулган кызматкердин аты-жөнүн баш тамгалары менен белгилеп, аны толук атаган жок», — деп айтылат маалыматта.

Ачык маалыматтарга караганда «Кыргыз темир жолдун» Түштүк бөлүмүн мурдараак Бахтияр Юнусов жетектеп турган.

Количество просмотров: 182