• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Кыргызкөмүр” ишканасы көмүрдү калкка жеткире албай жатабы?

9 Жетинин айы 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте 1-ноябрдан көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылаарын кабарлаган. «Говори ТВ» айтылган төрт даректин экөөсүнө барып келди. Анда байкалгандай 4000 сомдук көмүрлөр кампасында калбай калган.


Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылып, бир адамга эки тонна берилмек. Учурда Мурманский көчөсүндө жайгашкан кампасында көмүр түгөнгөн. Ал эми коммерциялык багыттагы башка кампада тоннасы 4800 сомдон сатылууда.


“Кыргызкөмүр” ишканасы Бишкектин тургундарына таңкы саат 9:00дөн баштап арзан көмүр сатып ала алса болоорун айткан. А бирок, биз барган Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилишинде 4000сомдук көмүр саткан сатуучуну көрө алган жокпуз. Ал эми коммерциялык багытта 4900 сомдон сатып жатканы белгилүү болду.


Арзан көмүр Мурманский көчөсү 126, Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши, Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши жана Достоевский көчөсү 97 даректеринде сатылат. Бул жайлардагы жагдайлар боюнча аталган мекеме мындай жооп айтат.

Количество просмотров: 165