• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды

28 Теке 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, аталган федерацияга караштуу Кыргызкурорттуризм башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.М.Д.», 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда, мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталгын.

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында аталган «А.М.Д.» Көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда «А.М.Д.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 758