• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызпатент: Эң көп сый акыны Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды

7 Бирдин айы 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

Ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан 12 млн. сом чогултту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева 6-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кыргызпатент ар бир ресторан менен келишим түзөт. Ага ылайык, ичинде орундуктарга жараша ай сайын белгиленген көлөмдө акча төлөөгө милдеттендирилет. Мындай калем акы 25 жылдан бери чогултулат. Былтыр 12 миллион сомго чейин чогулттук. Ошону азыр авторлорго бөлүп берип жатабыз. Эң көп сый акыны ырчылар Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды», — деди Кыргызпатенттин жетекчиси.

Мындан сырткары, ал автордук укукту коргоо жана чыгарма ээлерине сый акы берүү мыйзамын жөнгө салуу сунушталып жатканын кошумчалады.


Количество просмотров: 533