• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстадагы белгилүү саясатчылардын илимий эмгектеринен уурулук табылды

1 Тогуздун айы 2018 12:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.

Бүгүн Орусиянын “Диссернет” деп аталган ыктыярчылар коому Кыргыз жериндеги белгилүү 20 адамдын илимий эмгеги уурулук менен жазылганын жарыялады.

Аталган коомду негиздеген физик Андрей Заякиндин айтымында, дагы 50 адамдын эмгегинде уурулук бар экенин Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Бүгүн тизмеси жарыяланган адамдардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун да аты аталган.

Бул коом ушул жылдын июнь айынан тартып Кыргыз жеринде жазылган илимий эмгектерди текшере баштаган.

“Диссернет” деп аталган ыктыярчылар 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн

Количество просмотров: 52