• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан башка өлкөлөр менен пенсияны экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

1 Тогуздун айы 2018 16:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстан Корея жана Россия менен пенсияны экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Социалдык фондунун төрагасы Медер Исраилов билдирди.
Тиешелүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлганда жана алар парламентте бекитилгенде — Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келген учурда жогоруда аталган өлкөлөрдүн биринде иштеген учурда топтолгон пенсияны ала алышат.
Ал үчүн жаран сөзсүз чет өлкөдө мыйзамдуу негизде иштеп, топтоочу фонддорго төлөмдөрдү ишке ашырып турууга милдеттүү.
“8нен 9-октябрга чейин Москвада кошумча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Макулдашууларга кол коюлуп, ратификацияланганда пенсия кыргыз мигранттарына жаран иштеген өлкөнүн мыйзамдары боюнча которулуп турат”, — деп кошумчалады Исраилов.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий иш сапары учурунда эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге кол коюлган.
Аталган документке ылайык, эки өлкөнүн жарандары тең шарттарда Кыргызстандын да, Түркиянын да аймагында пенсия жана жөлөк пул алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок андан мыйзамдуу негизде иштеген камсыздандырылган адамдар гана пайдалана алышат.
Количество просмотров: 21