Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкынан Камбар-Ата-2 ГЭСин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн алынган насыяларды төлөө мөөнөтүн узартууну суранат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Анын айтымында, насыяны төлөө мөөнөтүн эки жылга узартуу сунушталууда.
«Келишим 2017-жылы түзүлгөн. Беш жылдан кийин, башкача айтканда, 2022-жылдын 30-мартынан баштап төлөй башташ керек болчу. Бирок, келишим күчүнө 2019-жылы кирген. Биз ушул 2019-жылдан баштап беш жылдык мөөнөт эсептелүүсүн суранабыз. Тагыраагы 30-март 2024-жылга алгачкы төлөмдү кылуу кылсак, бизге да өбөлгө болмок», — деди Тилек Айталиев.
Белгилей кетсек, насыянын суммасы 20 жылга 110 миллион долларды түзөт.