• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан-Иран беттешинде эсеп ачылды

19 Жетинин айы 202420:17 Бишкек Govori.TV

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттешинде эсеп ачылды.

Оюндун 11-мүнөтүндө эсеп ачылып, ирандык оюнчу Кыргыз курамасынын дарбазасына топ киргизди. Эсеп 1:0.

Беттеш саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда башталып, ага бийлик өкүлдөрү жана күйөрмандар кыргыз курамасын колдоого алуу үчүн келип күйөрмандык кылышууда.

Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Кыргызстан алгачкы беттешин 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. Ал эми 15-октябрда Түндүк Кореянын оюнчуларын 1:0 эсебинде жеңген.
14-ноябрда Бириккен Араб Эмираты менен ойноп, 3:0 эсбинде кыргыз курамасы жеңилген.

Количество просмотров: 391