5-сентябрда Ирандын “Фуладшехр” стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Ирандын улуттук курамасы менен ойнойт. Бул мелдеш 2026-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы алкагында өтөт.
Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын 23 оюнчуну курамага чакырды.
Эске салсак, курама команда 23-августтан тарта 2-сентябрга чейин Стамбул шаарында окуу, машыгуу жыйынын өткөрдү.
Учурда Кыргызстандын курама командасы Ирандын Исфахан шаарында беттешке даярданууда.
Беттеш 5-сентябрда саат 22:00дө өтөт. Оюн «Ала Тоо» аянтындагы чоң экрандан көрсөтүлөт.