• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын өткөрүү аркылуу дүйнө элине тааныла алат (Видео)

31 Баш оона 2018 14:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек 31.08.18 Govori.TV
Учурда 2-сентябрда өтүүчү  Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөрүүгө Чолпон-Атада даярдык уланууда.
Техникалык маселелердин баардыгы даяр .Жалпысынан 2000ге чукул катышуучу  массалык  түрдө   оюн-зоок  өткөрүүгө даярдык көрүп  жатат.  Буга чейинки өткөн Көчмөндөрдүн оюнуна салыштырмалуу  айырмачылыгы техникалык  мүмкүнчүлүктөр өтө чоң.  Сахна мурдагыга караганда кыргыздын салттуу  улуттук музыкасын,  маданиятын  жана  оюндарын дүйнө элдерине  көгөзүүгө шарты бар. Анткени бул иш-чара аркылуу   Кыргызстан  анык көчмөн элдин бир үлгүсү катары дүйнө элине таанылуунун мүмкүнчүлүгү  түзүлөт дейт манасчы жана дастанчы Самат Көчөрбаев.
Ноокат районунун Ынтымак айылынан атайын делегат болуп келген Абдуллаев Муктараалы  Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнөн катышуучулар келсе жакшы болоорун айтып, ушундай деңгээлдеги иш — чарага катышып жатканын сыймыктануу менен белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өтөт. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышат. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын ЖМК өкүлдөрү чакырылат.

Количество просмотров: 30