• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Канадага 24 миллион доллар карыз болуп калды

23 Баш оона 2019 13:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV

Канадалык «Stans Energy Corp» жана “Кутисай Майнинг” тоо-кен компаниялары кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда 24 миллион доллар доону утуп алды.

Бул тууралуу «Bloomberg» басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык, канадалык компания Кеминдеги Кутесай II жана Калесай кендерин иштетүү лицензиясын мыйзамсыз жокко чыгарды деп кыргыз өкмөтүнөн 118 миллион доллар өндүрүүнү талап кылган. Торонтодо Эл аралык арбитраж ишти карап, кыргыз өкмөтүн «Stans Energy Corp» компаниясына 24 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бул маалыматты кыргыз өкмөтү да ырастады. Бирок өкмөт жалдаган «King&Wood Mallessons LLP» юридикалык компаниясынын өкүлү Андрей Яковлевдин айтымында, Эл аралык сот канадалык компаниянын негизги доосун четке какты.

“Эл аралык арбитраж «Кутесай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарынын гана жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Бирок бул компанияларга калган доо талаптарынан баш тартылды.

«Стенс» компаниясы тарабынан коюлган талаптар иш боюнча угуу болгон 2018-жылдын апрель айына карата 304 млн. доллар болчу”, — деп билдирди Яковлев.

«Stans Energy Corp» компаниясы Кеминдеги сейрек металлдардын запасы бар Кутесай-2 жана Калесей кендерин иштетүү укугун 2009-жылы алган. Бирок кыргыз өкмөтү канадалык компания милденттемелер аткарылбай жатат деп лицензиясын жокко чыгарган. Мына ушул мезгилден тарта өкмөт бул компания менен соттошуп келет.

Количество просмотров: 8