• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кошулду

29 Жетинин айы 2018 15:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген.
100 упай «өлкөдө коррупция жок» дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар.
«Business Insider» басылмасы жакырчылык күч алган, укуктук жана өкмөттүк системалары алсыз Африка, Борбордук Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн көбүрөөк коррупциялашкан деп эсептейт.
Количество просмотров: 31