• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Кыргызстан курама командасы соңку мүнөттө жеңишти колдон алдырды

11 Кулжа 201922:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан-Палестина беттеши жүрүп жатат. Аталган оюнга Кыргыз курамасынын күйөрмандары көп келип, оюн талаа сүрөөн-кыйкырык менен коштолууда. Бүгүнкү беттешке казакстандык калыстар көз салып, Кыргыз курамасы ак, Палестина курамасы кызыл форма менен ойноду. Ак шумкарлардын» алгачкы эсебин Турсунали Рустамовдун башы менен сүзүп киргизген голу ачты.
Экичи бөлүктө «Ак шумкарлар» ылдам чабуулга өтүп, кайрадан баш менен узатылган сокку орун алды. Анда Бекжан Сагынбаев эсепти 2:0 кылып жетишти.

Бирок, ошол эле учурда Палестинанын оюнчусу 11 метрлик айып соккуну таамай аткарып, эсепти 2:2ге теңеп, кошумча 4 мүнөт убакыт берилди.
Натыйжада, калыстын соңку ышкырыгы жаңырып, оюн аягына чыкты. Ал эми «Ак шумкарлар» соңку көз ирмемдерде жеңишти колдон учурду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү беттеш 13 миңден ашуун футбол күйөрмандарынын коштоосунда өттү.

Количество просмотров: 13