Кыргызстан 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Бул сумма соңку күндөрдөгү селдин эсебинен дагы көбөйөт. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү такталууда,- деди.