Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.
Жеке ишкер Тилек Tоктогазиев Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын бир бөлүгү болуп калган картанын туура эмес пайдалангандыгы үчүн расмий кечирим суроо менен Астанадан расмий кат алганын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
«Бул окуя үчүн жооптуу болгон борбордун кызматкери Мурадов Д. кызматтан алынган.
Мен Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин оперативдүүлүгүн белгилеп өткүм келет. Алар мени менен байланышып, бул уюштуруучулар тарабынан коркунучтуу жаңылыштык жана бардык жооптуулар жазасын алат деп ишендирди эле. Так ошондой болду. Рахмат сизге! Кечирим кабыл алынды.
Ал эми Кытайда туура эмес карталарды өндүрүү жана жайылтуу боюнча суроолор калды.
Экинчи жолу, биздин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Таджикистандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, аймактык бүтүндүгүн жана биздин мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө шек болуп жатканына көңүл бурулуусу керек деп эсептейм.
Эл алдында кечирим суроону талап кылып, Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын составына кирип калган карталардын жана анын сүрөтү түшүрүлгөн башка буюмдарды өндүрүүчүсүн токтотуу керек.
Силерден реакция күтөбүз!»,-деп жазган Токтогазиев.
Эске салсак, кыргызстандык жаран карта сатып алып ал жактан Кыргызстанды таппай калган. Биздин өлкөнүн территориясы кытайга кошулуп кеткен.