Бүгүн, 6-июнда баш калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргызстан менен Малайзия улуттук курамаларынын футболдук беттеши өтүп жатат.
Оюндун биринчи бөлүгүндө 10-номурдагы Гүлжигит Алыкулов эсепти ачып, атаандаштын дарбазасына топ киргизди. Эсеп 1:0, Ак шумкарлар алдыда.
Белгилей кетсек, беттешке президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана ошондой депутаттар келген.
2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун турнири алкагында өтө турган мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойноп жатышат.