Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Малайзиянын командасы менен оюн өткөрүп жатат.
Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, оюнга президент Садыр Жапаров күйөрмандык кылууда.
Биринчи бөлүктө 10-номердеги оюнчу Гүлжигит Алыкулов Малайзиянын курамасынын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Ошол эле бөлүктө эсеп теңелди. Натыйжада биринчи тайм 1:1 эсебинде аяктады.