• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан медиаларынын аракет платформасы сөз эркиндигине болгон кысым тууралуу жыйын өткөрдү

2 Бештин айы 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда «Кыргыз медиаларынын аракет платформасы» аттуу жыйын өттү. Анда ММКларга болгон кысым тууралуу маселе айтылып, биргелешкен аракет жөнүндө меморандум кабыл алуу белгиленди.

Кыргызстан медиаларынын аракет платформасынын жетекчиси Тамара Валиева сөз эркиндигине болгон кысымда биргелешип аракеттенүүнү сунуштады.

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова көптөгөн жылдар аралыгында жарандардын укугкн коргоодо жетишкендиктер болгонун баса белгилеп, учурда ошол жетишкендиктерди жоготуп бара жаткандыгын эскертти. Мындан улам ЖМК өкүлдөрүнө жактоочулар коомчулугу менен биргелишип кызматташууну сунуштады.

Көз карандысыз жактоочу Нурбек Токтакунов сөз эркиндиги дайыма күрөшүүнү талап кылаарын айтты. Ал үчүн ар дайым тобекелдикке баруу милдети турат. Ошондуктан ЖМК өкүлдөрү менен юристтер бергелешип кызматташуу талабы турганын баса белгилеп өттү.

Медиа серепчи Өмүрбек Сатаев сөз эркиндигине болгон кысым, жарандардын өздөрүнүнө зыян алып келет. Ошондуктан муну коомчулукка жеткирүү керек.

«Аялдардын демократиялык тармагы» коомдук фондунун директору Гүлжан Байбетова аялдардын зордук-зомбулукка кабылганын жана лидер айымдарга болуп жаткан кысымдар тууралуу маселени козгоду. Ал ушул жаатта дагы биргелешип кызматташуу турарын белгиледи.

Жыйындын катышуучулары талкуудан кийин, биргелешип чечим кабыл алмай болушту.

Количество просмотров: 85