• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстан менен АКШ консультация жүргүздү

31 Теке 201910:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV

Ийгиликтүү кыргыз-америкалык эки тараптуу жылдык сүйлөшүүлөр: өнөктөштүгүбүздүн курулушу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Жонатан Хеник эки тараптуу жылдык сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү раундун өткөрүштү. Бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчүсү жана  буга чейин 2015-жылы Вашингтондо орун алган сүйлөшүүлөрдөн кийинки биринчиси болду. 

Консультацияларда эки мамлекеттин өкмөттөрү түркүн багыттарда кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашышты: 

  • Кошмо Штаттары студенттик же жумуш визаларын алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына визалык төлөмдөрдү азайтууга макул болушту. Өзгөрүүлөр 2019-жылдын 7-августунан тартып күчүнө кирет. Визалык төлөмдөрдүн толук тизмеси АКШ элчилилгинин вебсайтында жарыяланат http://kg.usembassy.gov/
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана АКШнын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (USAID) дарылоонун мөнөөтүн кыскартууга жана дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртууга багытталган кургак учук менен биргелешип күрөшүүгө арналган билдирүүгө кол коюшту. 
  • Эки өлкө Борбор Азиянын электр кубатынын аймактык рыногун өнүктүрүүгө багытталган иш планын макулдашышты. Борбор Азиянын аймактык электр кубатынын рыногу региондогу энергетикалык коопсуздукту жана экономикалык туруктуулукту камсыздап, сарптоолорду азайтып, аймактык рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип кошумча инвестицияларды тартат. 
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги студенттерге Борбор Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) билим алуу үчүн аймактагы мамлекеттерден келген кошумча мыкты студенттерге виза берүү жеңилдиктерин ыйгарууга макулдугун берди. 
  • Кошмо Штаттары Борбор Азия жана Афганистандык студенттерге БААУдан – АКШ университеттеринин таанылган дипломдорун берүүгө укуктуу болгон Борбор Азиядагы  жалгыз университеттен — билим алууга стипендияларды бөлүп берет. 

«Бул өнөктөштүгүбүдүн жаңы доору. Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы күчтүү демократия катары ролун ардайым ойноп келген.  Биздин пикирибизде, Кыргыз Республикасы мындан ары да аймактык туруктуулукту жана экономикалык кызматташтыкты алдыга сүрөөдө маанилүү ролун ойнойт, жана бул бир өлкөгө эле эмес, аймактагы бардык мамлекеттерге пайдасын алып келет», деди Хеник кыргыз делегациясынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.  

Аталган өнөктөштүккө АКШнын ачык ак мамилесин белгилеп, Хеник мырза, өлкө эгемендүүгүнөн тарта Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине 2 миллиард доллардан ашуун суммага тете колдоо көрсөткөнүн белгиледи. Алдыга карай назар салып, АКШ делегациясы экономиканы өнүктүрүү, коопсуздукту жогорулатуу, жаратылыш кырсыктарынын мизин кайтарууга даярдык көрүү, адам укуктарын коргоо, адамдарды кулчулукка сатууга каршы күрөшүүгө жана англис тилин окутууну колдоо үчүн кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.  

Кошмо Штаттарынын приоритеттүү багыттарынын бири – соода жана инвестицияларды тартуу – максатында 2019-жылдын 10-октябрында АКШ элчилиги биринчи жолу Бишкекте Эл аралык франшиза жана соода көргөзмөзүн уюштурат. Көргөзмө АКШ, Европа Биримдиги, Түштүк Корея жана Япония компанияларын кыргыз жана аймактык бизнес лидерлери менен байланыштырат.    

Хениктин сапары президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Дональд Трамп жарыялаган тараптарга төп келген эки тараптык Кыргыз Республикасынын жана АКШ ортосундагы кызматташтык келишимин ишке ашырууга багытталган аракеттердин бири болуп эсептелет.

Количество просмотров: 14