• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстан менен Бералустун тышкы иштер министрлери Москвада жолукту

2 Чын куран 2021 18:55 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 2-апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу КМШ ɵлкɵлɵрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында өткөн.

Министр Казакбаев кесиптешине Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жана алдыдагы маанилүү саясий окуялар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде быйыл ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү маселесин талкуулашты.

Регионалдык бирикмелердин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгы жөнүндө макулдашышты. Бул контекстте, министрлер ушул жылы өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйынын Кыргызстанда уюштуруу жана эки тараптуу Бизнес-форум өткөрүү темасына токтолушту.

Тараптар ошондой эле эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо маселелерине көңүл буруп, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 200