• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете башташты

13 Чын куран 2022 1:06 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кыргыз-Встреч жерлигинде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин Согдий облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пираковдун ортосунда жолугушуу болуп жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биринчилерден болуп кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу жайларына чыгаруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Дээрлик дароо эле тараптар чыр-чатак орун алган жерден өз күч жана каражаттарын алып кете башташты.

Саат 24:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Эки тараптын чек ара делегациялары сүйлөшүүлөрдү «Овчи-Калача-авто жол» (РТ) өткөрүү жайында улантып жатышат.

Количество просмотров: 538