• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Тажикстандын башкы чекистери чек ара тууралуу эмнени чечти?

4 Жетинин айы 2019 10:21 Бишкек Govori.TV

Тажикистан Республикасынын Исфара шаарында Кыргызстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын атайы кызматтарынын, ошондой эле чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Бул делегацияны Кыргыз Республикасы тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Тажик Республикасы тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектешти.

Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекетин чек-арага жакын жайгашкан райондордун коопсуздуктарын камсыз кылуу болду. Жана ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдо мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуулар боюнча сүйлөшүүлөр болуп талкууланды.

Эки тарап эл аралык террористтик жана диний экстремисттик иш-чараларга биргеликте күрөшүү жана эки мамлекеттин чек арасын коопсуздуктарын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөө керектиги боюнча макулдашышты.

Тажикстан Республикасынын жана Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик чек-араларын аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынды.

Талкууланып жаткан маселелер боюнча бардык таптардын өз ара макулдашуулар жана бири-бирин түшүүнүлөр болду.

Количество просмотров: 135