• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астынан өтүүчү жол табылды (сүрөт, видео)

23 Бугу 2022 21:14 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-майында Кара-Суу районунун Тельман айылында жүргүзүлгөн “Тинтүү” ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасын Өзбекстан Республикасы менен жер асты аркылуу байланыштырган тоннель табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт.

Ошол эле учурда жогорудагы жер астынан өтүүчү жолдун табылган аймактын ээси М.А.М. карата, ал адам учурда Жалал-Абад областынына караштуу Кызыл-Жар психиатриялык бөлүмүндө жаткандыктан, акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.

Учурда кылмышка тийешелүү заттарды алуу иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2767