• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары баңги тобунун мүчөлөрүн кармашты

29 Жалган куран 2022 13:53 Бишкек Govori.TV

Баңги топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан баңгизатын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, чек арадан өткөн баңгиканалдардын ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 26-мартында КР УКМК кызматкерлери Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте Өзбекстандын 5,350 кг гашиш баңгизатын сатып алуу жана андан нары бөлүштүрүү учурунда Өзбекстандын Анжиян шаарынан төмөнкү жарандар кармалды: 1993-жылы туулган С.С.М., 1994-жылы туулган Н.Д.Д., 2003-жылы туулган Т.С.Б., 1995-жылы туулган У.М.К.

Атайын операциянын натыйжасында баңгизаттарды таратуу боюнча туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жогоруда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттери токтотулду.

Количество просмотров: 179