• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет

8 Жетинин айы 201912:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы кечээ, 7-ноябрда Ташкент шаарына учуп жетти.

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, эртең 9-ноябрда кыргызстандык футболчулар Өзбекстандын курамасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн «Пахтакор» стадионунда өтөт.

«Беттеш Кыргызстандын телеканалынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Учурда бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзбекстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Вадим Абрамов оюнду телевидениеден көрсөтпөөнү суранган. Бул тууралуу Tribuna.uz» басылмасы жазган.

Басылма булактардын билдирүүсүнө комментарий берип: «Башкы машыктыруучу Вадим Абрамов сауд арабиялыктар биздин футболчуларды изилдешин каалабайт. Анын өзүнүн ишке ашыра турган пландары бар. Сураныч, стадионго барып, күйөрмандык кылгыла», — деп жазды.

Ал эми Өзбекстандын футбол ассоциациясынын сайтында аталган оюн телевидениеден көрсөтүлбөй турганы тууралуу маалымат жок. Бирок белеттер сатылып жатканы айтылган.

2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында Өзбекстандын курамасы сауд арабиялыктар менен беттешет. Оюн 14-ноябрда Ташкент шаарында өтөт. Учурда Өзбекстандын курамасында 6, Сауд Арабиянын командасында 5 упай бар.

Количество просмотров: 44