• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтери кармалды

10 Бирдин айы 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.

«Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 455